АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түркияда

Рекс Тиллерсон эң оболу мавзолейди зыярат кылды

702179
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түркияда
rex tillerson.jpg

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун чакыруусу менен кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келген Тиллерсон бүгүн эрте менен биринчи болуп премьер - министр Бинали Йылдырым менен жолугушту. 

Премьер - министрликтин булактары жолугушууда Фетуллахчы террлордук уюмдун АКШда  жашаган корбашысынын тапшырылышы менен террордук уюм ДЕАШка карата жана Ирак менен Сирияда жүргүзүлгөн күрөштүн каралгандыгын билдирди. 

Конок министр андан кийин президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынды. Бул жолугушууга байланыштуу маалымат президенттиктин булактарынан берилди. Ушуга караганда Эрдогандын Тиллерсон менен эки сааттан ашуун убакытка созулган жолугушуусунда террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк жана кызматташтыктын  керектүүлүгү баса белгиленди. 

Президент жолугушууда "террор менен күрөшүүнүн туура жана мыйзамдуу актерлор менен жүргүзүүнүн" маанисин да эске салуу менен Сириянын Ракка шаарында ишке ашырыла турган бир операцияга жикчил террордук уюм ПККнын аймактагы уландысы ПЙДнин да кошулушуна оң каралбай тургандыгын дагы бир жолу баса белгилеген болду. 

АКШнын мамлекеттик катчысы бул уюмга жасалган курал жардамынан улам тынчсыздануу да бул жолугушуу учурунда жооптуу киши тарабынан билдирилген болду. 

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да жолугуша турган кесиптеши Тиллерсон менен Түркия  -  АКШ эки тараптуу карым - катнаштарын бардык тарабы менен карап, Сирия башта болуу менен актуалдуу, аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушат. Эки министрдин андан кийин орток пресс жыйын өткөрүшү күтүлүүдө. 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар