Жакынкы Чыгышта бир кылым мурда болгон ыпылас оюндар кайра ойнолуп жатат

Эрдоган, Стамбулдагы «Абди Ипекчи» спорт залында Түркия жаштар фонду (TÜGVA) тарабынан 4-өткөрүлгөн Жаштар жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

700242
Жакынкы Чыгышта бир кылым мурда болгон ыпылас оюндар кайра ойнолуп жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Жакынкы Чыгыш аймагында бир кылым мурда болгон ыпылас оюндар айрым күчтөр тарабынан кайрадан сахнага чыгарылгысы келгенин айтты.

Эрдоган, Стамбулдагы «Абди Ипекчи» спорт залында Түркия жаштар фонду (TÜGVA) тарабынан 4-өткөрүлгөн Жаштар жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Өлкө жана аймак катары орчундуу бир мезгилден өтүп жатканын баса белгилеген Эрдоган, Жакынкы Чыгышта этникалык жана сектага негизделген кызыкчылык талаштарынын себебинен бир туугандын бир тууганды аябаган, тарыхка багыт берген цивилизациялардын бешиги болгон ислам аймактары кыйраган процесстен өтүп жатканын айтты.

Бир тараптан Европанын ыйык баалуулуктары деп жаркыраткан терминдердин, ошол терминдердин ээлери тарабынан тебеленгенин баса белгилеген Эрдоган, жаратылгандардын эң жогоркусу болгон адамга рух кошкон канча принцип бар болсо бардыгынын ичи бошотулган күндөрдөн өтүп жатканын белгилеп кетти.

Бул процессте алдыга чыккан ПКК/ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ сыяктуу уюмдардын эң чоң зыянды исламга тийгизгенин, бул уюмдардын аймактын бөлүнүп жарылуусуна кошоматчылык кылып жатканын баса белгиледи.

Эрдоган: «Бир кылым мурда аймагыбыздагы өлкөлөрдүн чек аралары кандай кан төгүлүп, амалкөйлүк менен чийилген болсо бүгүн да ошонун өзүндөйү террор уюмдары аркылуу жасатылгысы келип жатат. Бир кылым мурда Пико и Сайкстын ортосунда түзүлгөн келишимдер бар болчу, бүгүн каалгалардын артында кол коюлган жашыруун келишимдер бар. Бир кылым мурда арб тилинде сүйлөгөн, алар иштеген жердин адамдары сыяктуу кийинген Лоренс бар болчу. Бүгүнкү күндө да чапанчан, сакалчан, кожо жана аалым кылыгына кирген заманбап Лоренстер ошондой эле нерсени кылып жатышат»,-деди.



Тектеш кабарлар