Электроникалык аппараттарга тыюу салуу чечиминен Стамбул чыгартылышы керек

Хүсейин Мүфтүоглу, маалымат жыйынында журналисттердин бул темага байланыштуу суроолоруна жооп берип, убактылуу алдын алуулардын ордуна туруктуу жана таасирдүү алдын алууларга чогуу чечим чыгарлышы керектигин айтты.

697943
Электроникалык аппараттарга тыюу салуу чечиминен Стамбул чыгартылышы керек

Түркия, АКШ жана Англиянын айрым каттамдардагы электроникалык аппараттарга тыюуу салуу чечиминен Стамбулдун чыгартылышы үчүн аракетин улантууда.

Тышкы иштер министрилигинин басма сөз катчысы Хүсейин Мүфтүоглу, маалымат жыйынында журналисттердин бул темага байланыштуу суроолоруна жооп берип, убактылуу алдын алуулардын ордуна туруктуу жана таасирдүү алдын алууларга чогуу чечим чыгарлышы керектигин айтты.

Мүфтүоглу: «Жөнөкөй жүргүнчүлөрдү жазаландыруунун ордуна коркунуч туудура турган кишилерге каршы алдын алуулар ар дайым таасирдүү болот. Дүйнөнүн балким эң коопсуз аэропортторунан бири болгон «Ататүрк» аэропорту жана Түрк аба жолдорунун ушул алкактын тышында кармалышы үчүн аракетибиз уланат. Бул аракеттерибиз жалгыз эле АКШ багытында эмес, ушундай ишке ашырууну кыла турган Англия органдары багытында да жүргүзүлүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар