Тышкы иштер министри Жан - Марк Айро менен Сирия тууралуу сүйлөштү

Эки министр Сирия жана Жакынкы Чыгыш тууралуу акыркы абалдарды карап чыгышты

696829
Тышкы иштер министри  Жан - Марк Айро менен Сирия тууралуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу француз кесиптеши Жан-Марк Айро менен Сирия тууралуу сүйлөштү. Чавушоглу АКШ жолугушууларынын негизинде борбор шаар Вашингтондо Франциянын тышкы иштер министри Жан  - Марк Айронун жетекчилигинде Франциянын Вашингтон элчилигинде өткөрүлгөн Сирия жыйынына катышты.

Вашингтондо бүгүн боло турган «ДЕАШ менен күрөшүү боюнча глобалдык коалициясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынынан» мурда эки министр Сирия жана Жакынкы Чыгыш тууралуу акыркы абалдарды карап чыгышты. Сирия кризиси кенен түрдө каралган жыйында Чавушоглу Түркиянын Сирия тууралуу алдыңкылыктарын француз кесиптешине билдирди.

АКШнын адилеттик министри Жефф Сешнс жана Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешичиси, армиянын генералы – лейтенант Мак Мастер менен кечээ ар башка сүйлөшкөн Чавушоглунун күн тартибинде АКШда жашаган Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы менен АКШнын жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДге берген колдоо темалары орун алды.



Тектеш кабарлар