Коопсуздукка карата алдын алуулардын биргелешип иштелип чыгышы туура болот

Чавушоглу, Улуттук басма сөз клубунда Turkish Heritage Organization (THO) тарабынан уюштурулган диспуттан чыкканда массалык маалымат каражаттардын мүчөлөрүнүн «электроникалык аппараттарга чектөө коюлушу» тууралуу суроолоруна жооп берди.

696493
Коопсуздукка карата алдын алуулардын биргелешип иштелип чыгышы туура болот

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Америка Кошмо Штаттарынын 8 өлкөдөн түздөн-түз каттамдарда чөнтөк телефонунан чоң электроникалык аппараттарды жүргүнчүлөрдүн жанына алып жүрүшүнө тыюу салуу токтомунун азырынча жаңы экенин, бул темада туура алдын алуулардын ишке ашырылышы үчүн бирглешип иштелиши керектигин айтты.

АКШга барган министр Чавушоглу, Улуттук басма сөз клубунда Turkish Heritage Organization (THO) тарабынан уюштурулган диспуттан чыкканда массалык маалымат каражаттардын мүчөлөрүнүн «электроникалык аппараттарга чектөө коюлушу» тууралуу суроолоруна жооп берди.

Чектөө токтому тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси, генерал-лейтенант Г.Р.Макмастер менен бетме-бет сүйлөшкөнүн, ошондой эле мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн айткан Чавушоглу: «Бир кооптонуу бар болсо коопсуздукка тиешелүү бөлүмдөрүбүз чогулуп алдын алуусу керек. Тыюу салуулар менен бул иш жүрбөйт. Бир ДЕАШ террористи кайдан болсо да учакка түшө алат. Эң маанилүүсү алар түшкөн жерде тийиштүү чараларды көрө алуу»,-деп айтты.

Чавушоглу, өзгөчө чет элдик ДЕАШ террористтеринин арасында көп сандаган Европа жараны бар экенине көңүл буруп, бул алдын алуунун туруктуу алдын алуу боло албай турганын баса белгилеп кетти.

АКШлык жооптуу кызматкерлердин алдын алууларынын туруктуу болбогонун, кошумча алдын алуулар боюнча иштеп жаткандарын айтканын белгилеген Чавушоглу: «АКШнын же кайсы бир шериктешибиздин кооптонуусу биздин да кооптонуубуз болуп саналат. Бир маселе бар болсо аны чогуу чечкен эң туура иш болот. Бул темадагы көз караштарыбызды бөлүштүк»,-деди.

Бул темада убактылуу алдын алууларды эмес туруктуу жана эң таасирдүү алдын алуулардын чогуу ишке ашырылышы керектигин баса белгилеген Чавушоглу, жөнөкөй жүргүнчүлөрдү жазаландыруунун ордуна коркунуч туудура турган кишилерге карата алдын алулардын дагы туура болоорун белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар