Хатайда бир аскер шейит болду
Аскер Сириядагы террордук уюм ПЙД/ПКК аймагынан снайпер аткан ок менен шейит болду
697016
Хатайдын Рейханлы районунда Бүкүлмез чек ара командирлигинде кызмат кылган бир аскер күзөттө турган кезде Сириядагы террордук уюм ПЙД/ПКК аймагынан снайпер аткан ок менен шейит болду.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта бүгүн эрте мененки саат 08:45 чамаларында экинчи чек ара командирлиги Рейханлы Бүкүлмез чек ара командирлигинде кызмат кылган бир аскер күзөттө турган учурда Сириядагы ПЙД/ ПКК аймагынан снайпер аткан ок менен шейит болгондугу белгиленди. Бул аймакка эл аралык укук боюнча өзүн – өзү коргоо укугунун негизинде ок атылып, эселентүү менен жооп берилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.