АКШ менен Түркиянын карым-катнаштарына көлөкө түшүргөн эки жагдай бар

Мевлүт Чавушоглу, Америка Кошмо Штаттарынын адилет министри Жефф Сешнс менен борбор шаар Вашингтондо жолукту.

696396
АКШ менен Түркиянын карым-катнаштарына көлөкө түшүргөн эки жагдай бар

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Америка Кошмо Штаттарынын адилет министри Жефф Сешнс менен борбор шаар Вашингтондо жолукту.

Мевлүт Чавушоглу, ага АКШда жашаган Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин убактылуу кармалышын жана Түркияга кайтарылуу талабын билдирди.

Анкаранын бул темага абдан маани бергенин баса белгилеген Чавушоглу, айрыкча ичинде ФЕТӨгө байланыштуу жаңы далилдер орун алган делону АКШ тарабына тапшырды.

Министр Чавушоглу андан соң Улуттук басма сөз клубунда Turkish Heritage Organization (THO) тарабынан уюштурулган «Түркия-АКШ стратегиялык өнөктөштүк; Келечекке кароо» аттуу диспутка катышты.

Чавушоглу бул жердеги сөзүндө: «ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин экстрадиция кылынышы» менен «АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга колдоосунун» Түркия-Америка карым-катнаштарына көлөкө түшүргөн жана чечилиши керек болгон эки жагдай экендигин баса белгилеп, жаңы бийликтин бул темаларда дагы макулдашуучу мамиледе боло турганына ишенгенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси, генерал-лейтенант Г. Р. Макмастер менен ошол эле күндөгү жолугушуусунда «АКШнын ПЙДны колдоосу темасын» күн тартипке алып чыкканын жана «Бир гана ДЕАШ менен согушуп жатат деп башка бир террор уюуму мыйзамдуу кылына албай турганын» түшүндүргөнүн айтты.

«Албетте жаңы бийлик менен кызматташууга чечкиндүүбүз жана Түркия-Америка карым-катнаштарын жана кызматташтыгын кайрадан жанданта ала турганыбызга ишенүүдөбүз»,-деп айткан Чавушоглу, аймакта болуп жаткан маселелердин дүйнөгө коркунуч туудурган көч, азык-түлүк коопсуздугу, зенофобия, исламофобия, антисемитизм, жикчилдик жана радикализм сыяктуу бир топ маселени кошо ала келгенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар