Өкмөт башчы Грузияга барып сүйлөшүү өткөрүп кайтты

Бинали Йылдырым кечээ кечинде Грузияга сапар жасап, премьер-министри Гиорги Квирикашвили менен жолукту.

692498
Өкмөт башчы Грузияга барып сүйлөшүү өткөрүп кайтты

Премьер-министр Бинали Йылдырым кечээ кечинде Грузияга сапар жасап, премьер-министри Гиорги Квирикашвили менен жолукту.

Жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берген өкмөт башчы Йылдырым: «Артвин менен Батуми жанаша турат. Күнүгө Түркиядан Грузияга, Грузиядан Түркияга көп сандаган кирип чыгуулар болот. Грузия менен соодабыз ар түрдүү шарттарга карабастан улам өсүп уланууда. Досум Квирикашвилинин чакыруусу боюнча келдим. Пландалбаган жыйналыш үчүн келдик, баарлаштык, маселелерди бөлүштүк»,-деп айтты.

Жолугушууда Түркия-Грузия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин үстүбүздөгү жылы өткөрүлүшү көздөлгөн экинчи жыйналышынын даярдыктары сүйлөшүлдү.

Айрыкча аймактык абалдар туурасында да пикир алмашылды.

Премьер-министр Йылдырым жолугушуудан кийин борбор калаа Анкарага кайтты.



Тектеш кабарлар