"Нидерландиядагы улутчулдук Европа Биримдиги үчүн да коркунуч"

Өмер Челик Европа Биримдигинин ашыкча кетпөө чакыруусу менен эле калбашы жана бул маселени чечиши керектигин белгиледи

690603
"Нидерландиядагы улутчулдук Европа Биримдиги үчүн да коркунуч"

Европа Биримдиги министри Өмер Челик Нидерландияда жогорулаган улутчулдуктун Европа Биримдиги үчүн да коркунуч экендигин айтты. Министр Челик Нидерландия менен болгон кризис боюнча кээ бир өлкөлөрдөн келген аша чаппоо чакырууларына болсо : «Бул тарапсыз кала турган маселе эмес»,- деп жооп берди. Челик гезит жана агенттиктердин өкүлдөрү менен борбор шаар Анкарада жолугушту.

Нидерландиянын ачык түрдө адам укуктары келишимин коркуткан бул ишке ашырууларына каршы бардык өлкөлөрдү кызмат кылууга чакыргандыгын белгилеген Челик : «Нидерландиянын премьер – министри Нидерландияны ашыкча оңчулдарга тапшырды»,- деди.

Өмер Челик  : «Европа кризисти аша албагандыктан ашыкча оңчулдарга багынууда. Ортого чыккан кризис туура башкарла албагандыгы үчүн Биринчи Дүйнөлүк согушу болду. Унутулбашы керек болгон нерсе  алдыбызда абдан чоң  кризис бар. Вилдерс мечиттерди  жабуудан, өздөрүнөн болбогондорду чек арадан чыгаруудан сөз кылып жатат. Бул мамиле Европа ичиндеги ар башка этникалык топторду бутага алууда. Бүгүнкү фашиз маданий жогорулуктан келип чыгууда. Адам укуктары жана демократия сыяктуу баалуулуктарды ашыкча оңчулдар четке кагууда деп бул баалуулуктар кемсинтиле албайт»,- деди.

Европа Биримдигинин ашыкча кетпөө чакыруусу менен эле калбашы жана бул маселени чечиши керектигин белгилеген Өмер Челик : «Азыркы учурда да Европа үчүн бир коркунуч. Бул улутчулдар Европага зыянын тийгизет. Адам укуктары жана демократиялык элдер тууралуу абдан чоң кыйынчылыктарды жаратат. Бул нео – фашисттик күч болуу менен алардын алдына чыгат. Европаны  дагы бир жолу Европа эрежелерин бузган Нидерландияга каршы керектүү кыймылдын ортого чыгышына чакырабыз»,- деди.

Нидерландия башкаруусу ишемби күнү тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун учагынын конуусуна уруксат берген эмес, үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каяны болсо Түркиянын Роттердам башкы консулдугуна алган эмес эле.



Тектеш кабарлар