Шырнакта ПКК операциясы

ПКК мүчөсү 7 террорист өлтүрүлдү

689260
Шырнакта ПКК операциясы

 

Шырнактын Улудере районунда коопсуздук күчтөрүнүн абадан колдоо менен жүргүзгөн операциясында жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү 7 террорист өлтүрүлдү. Коопсуздук күчтөрү Улудере жакындарындагы Ирак чек ара жолунда операция баштады.

Өлкө ичине кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюмдун мүчөсү  10 – 15 террорист менен кагылышуу болду. Аймакка барган учкучсуз аба унаалары менен террористтердин жерлеринин белгиленишенен кийин аскердик учактар менен буталар атылды. Кургактык жана аба күчтөрү тарабынан биргелеше жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында ушул кезге чейин ПКК мүчөсү 7 террорист өлтүрүлдү.  Куралдар менен турмуштук материлдар  колго түшүрүлгөн  операция улантылууда.



Тектеш кабарлар