Орусия айрым түрк айыл чарба азыктарынын импортуна тыюу салуусун жойду

Премьер-министр Бинали Йылдырым орусиялык кесиптеши Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

688736
Орусия айрым түрк айыл чарба азыктарынын импортуна тыюу салуусун жойду

Орусия айрым түрк айыл чарба азыктарынын импортуна тыюу салуусун жойду.

Премьер-министр Бинали Йылдырым иш сапары менен барган Түндүк Кипр Түрк Республикасында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштардын кайрадан өнүгүүсүнө болгон ыраазычылык сөз кылынган сүйлөшүүдө соода-сатык, транспорт, айыл чарба менен катар бажы, энергетика жана виза режимине байланыштуу күн тартип беренелери каралды. Ушул алкакта Орусиянын премьер-министри Медведев айрым айыл чарба азыктарынын Түркиядан Орусияга экспорттолушуна мүмкүнчүлүк түзгөн токтомго кол койгонун белгиледи.

Эки кесиптештин президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусияга сапарынын алдында өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө, өз ара мамилелерди дагы да өнүктүрүү темасындагы чечкиндүүлүк тастыкталды.

 



Тектеш кабарлар