Президент Эрдоган Орусияга барат
Сапар убагында ар түрдүү келишимдерге да кол коюлат
686631
Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 6-жыйынына катышуу үчүн 10-март жума күнү Москвага барат.
Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жетекчилигинде өтө турган жыйынга тийиштүү министрлердин да катыша турганы белгиленди.
Жыйыналышта Түркия менен Орусиянын ортосундагы өз ара мамилелердин кеңири каралышы, айрыкча Сирия менен катар эки өлкөнү кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашышы да көздөлүүдө.
Эки өлкөнүн карым-катнаштарына салым кошуусу күтүлгөн сапар убагында ар түрдүү келишимдерге да кол коюлат.