Үч өлкөнүн башкы штабынын башчылары Антальяда

Антальяда үч тараптуу жыйын өтүп жатат

686137
Үч өлкөнүн башкы штабынын башчылары Антальяда

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акардын жетекчилигинде АКШнын башкы штабынын башчысы Фрэнсис Жозеф Данфорд жана Орусиянын башкы штабынын башчысы Герасимов Валерий Васильевичтин катышуусунда Антальяда үч тараптуу жыйын өткөрүлүүдө.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө караганда, Сирия жана Ирак менен катар аймактагы коопсуздукка байланыштуу темалар сүйлөшүлүп жатат.

Орусиянын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө да, үч тараптуу жыйналышта Сирия жана Ирактагы кырдаалдын каралганы белгиленди.

Коргоо министрлигинин мурдагы башчыларынан генерал-лейтенант Евгений Бужинский орус маалымат агенттигине берген маегинде Орусия, Түркия жана АКШнын башкы штаб башчыларынын бүгүнкү жолугушууларында Сирияда биргелешкен операция жүргүзүү ыктымалдуулугу сүйлөшүлүшү мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар