Германиянын чатактуу токтомдоруна дагы бирөө кошулду...

Мевлүт Чавушоглунун Гамбург шаарында сөз сүйлөй турган залы жетиштүү түрдө өрттөн корголбогону себеби менен алмаштырылды.

686028
Германиянын чатактуу токтомдоруна дагы бирөө кошулду...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Гамбург шаарында сөз сүйлөй турган залы жетиштүү түрдө өрттөн корголбогону себеби менен алмаштырылды.

Чавушоглу ага: «Бардык ишке ашыруулар нацисттик убактагыга окшоп жатат»,деген серебин салды.

Токтомго катуу каршылык көрсөткөн Тышкы иштер министри: « Тарыхта болуп көрбөгөндөй кысымды көрсөтүп бардык программаларыбызды жоюуга аракет кылып жатышат. Кудум эле кысым көрсөткөн система. Жеке менчик ээлерине, мейманканаларга, той өтүүчү залдарга кысым көрсөтүп келишимдерди жойдуруп жатышат. Гамбургда той залынын уруксатын жоюуга аракет кылышты. Мен баары бир барамын. Эч ким мени токтото албайт. Жыйналыш өткөрө турган жер табабыз»,-деп айтты.

Гамбург шаарынын Митте муниципалитетинен аты аталбаган бир катчы, немис басма сөзүнө берген маалыматында алмаштырууга коопсуздук себептерин көрсөттү.

Вильгельмсбург районунда орун алган залда өрт тревогасы системасы болбогонун шылтоо кылган катчы, жаңы буйрук берилгенге дейре бул зал колдонулбай турганын белгилеп кетти.

Бул учурда Чавушоглунун сөз сүйлөөсү үчүн башка бир зал камсыздалганын, бирок аны да бүгүн билдире тургандарын маалымдады.

Мындан мурда Баден-Вюртемберг провинциясынын Гаггенау шаарында адилет министри Бекир Боздагдын бейшемби күнү сөз сүйлөй турган иш-чарасы да «авто парк жери жана кире бериштердин жетиштүү бологону» шылтоосу менен жоюлган.

Экономика министри Нихат Зейбекчинин да жекшемби күнү Кельн шаарында боло турган программасы да залды иштеткен фирма тарабынан жоюлганы жарыяланып, бирок иш-чара башка бир залда өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар