Түрк партиялары Германияга каршылык көрсөтүштү
Германиянын мамилеси кабыл алынгыс
Республикалык Элдик партиясынын фракция жетекчисинин милдетин аткаруучу Өзгүр Өзел, Түркияны өкүл кылып чет өлкөгө барган министрге, жогорку деңгээлдеги дипломатиялык карым-катнаштары бар өлкө тарабынан иш жүзүндө цензура жүргүзүлүшүнүн кабыл алынгыс экенин айтты.
Анадолу агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген Өзел: «Биз менен бирдей пикирде болбосо да шериктеш жана дос өлкөдө болгон бул мамилеге катуу каршы чыгабыз»,-деп айтты.
Республикалык Элдик партиясынын ар дайым сөз эркиндигин жактаганын баса белгилеген Өзел, ар кимдин өз ой-пикирин эркин айтуусун, буга эч бөгөт коюлбашы керектигин жактагандарын айтты.
Өзел Түркияны чет өлкөдө өкүлдүк кылган министрге жасалган бул мамиленин дипломатиялык жактан эки өлкөнүн карым-катнаштарына залакасын тийгизе турчу абал экенине көңүл буруп: «Муну туура көрбөйм. Германиянын сөз эркиндиги темасында айткан сөздөрүн текке кетирген, чынчылдыгын суракка алган мамиле болду»,- деди.
Германиянын мамилесине Элдердин демократиялык партиясы да каршылык көрсөттү.
Партиянын басма сөз катчысы Осман Байдемир: «Ар бир саясатчы каалаган жерде каалаган пикирин айта алуусу зарыл. Ой-пикирлеринен улам бөгөт коюлуп, тыюу салынбашы жана четтетилбеши керек»,- деп айтты.