Биз дүйнөнүн эң кымбат баалуу жерлеринде жашайбыз

Тунжелиге барган Сүлейман Сойлу, Тунжели Маданият борборунда өткөрүлгөн программада атуулдарга кайрылды.

683100
Биз дүйнөнүн эң кымбат баалуу жерлеринде жашайбыз

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, өкмөттүн чечкиндүүлүгү, коопсуздук күчтөрүнүн ортого салган эр жүрөктүүлүгү жана улут берген ишеним менен жикчил террор уюму ПККнын тамырын жула тургандарын айтты.

Ар түрдүү жолугушууларды өткөрүш үчүн Тунжелиге барган Сүлейман Сойлу, Тунжели Маданият борборунда өткөрүлгөн программада атуулдарга кайрылды.

«Биз дүйнөнүн эң кымбат баалуу жерлеринде жашайбыз. Биздин жерлердин баасын төмөндөтүүгө аракет кылып жатышат»,деген Сойлу: «Жерибиздин баасын түшүрүп колубуздан алууга аракет кылышууда. Аны башкарылгыс абалга айландырууга аракет кылышууда. Эмне үчүн? Бир тараптан Жакынкы Чыгыштын мунай заттарын, экинчи тараптан Кавказиянын мунай заттарын, Ырааккы Чыгышка, Африкага жана Европага чейин созулган заманбап Жибек жолунун борборунда орун алган өлкөбүздү бул улуттун башкаруусун каалашпайт»,-деди.

Түркиянын аймактык мүмкүнчүлүктөрүнөн бул улуттун пайдалануусун каалабаган айрым күчтөрдүн, өлкөнүн энергиясын террор менен түгөтүүгө аракет кылгандарын баса белгилеген Сойлу, террорду соңуна чыгарууга чечкиндүү экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар