Президент Эрдоган Пакистанда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитине катышуу үчүн Пакистанга барды.

681976
Президент Эрдоган Пакистанда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитине катышуу үчүн барган Пакистандын борбор калаасы Исламабадда Пакистандын президенти Мемнун Хүсейиндин лидерлердин урматына берген тамагына катышты.

Жабык эшик артында өткөн тамактануу 1 саат 30 мүнөткө созулду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган андан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Ал жолугушуу да жабык эшик артында болуп 50 мүнөткө созулду.

Президент  Эрдоган кечээки программасынын алкагында Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифти да кабыл алды.



Тектеш кабарлар