Бинали Йылдырым Рустам Азимовду кабыл алды

Кабыл алуу бир саатка созулду

682402
Бинали Йылдырым Рустам Азимовду кабыл алды

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Өзбекстандын вице-премьери Рустам Азимовду кабыл алды.

Премьер-министрликтин расмий имаратында өткөрүлгөн кабыл алуу бир саатка созулду.

Кабыл алууда дос жана боордош өлкө Өзбекстан менен акыркы мезгилде ылдамдаган эки тараптуу карым-катнаштар менен катар экономика, соода жана транспорт тармактары бардык жагы менен каралды.

Кабыл алууда аймактык маселелер жана коопсуздук темалары да сүйлөшүлдү.



Тектеш кабарлар