Түркия Экономикалык кызматтыштык уюмунун куруучуларынан бири

Эрдоган расмий жолугушууларды өткөрө турган Пакистандын борбор калаасы Исламабадга аттанаар алдында «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

681714
Түркия Экономикалык кызматтыштык уюмунун куруучуларынан бири

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Экономикалык кызматтыштык уюмунун эбегейсиз потенциалын иш-аракетке өткөрүүдө дагы эле маселелерге дуушар болгону кабыл алынышы керектигин белгилеп, «Уюм турган аймактын дүйнөлүк калктын санынын ичиндеги үлүшү 6 пайыз болгонуна карабастан дүйнөлүк соодадагы үлүшү 2 пайыз»,-деди.

Эрдоган расмий жолугушууларды өткөрө турган Пакистандын борбор калаасы Исламабадга аттанаар алдында «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Исламабадда өткөрүлө турган Экономикалык кызматтыштык уюмунун 13-Саммитине катыша турган лидерлер менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлө турганын билдирген Эрдоган, Түркиянын Экономикалык кызматтыштык уюмунун куруучуларынан бири экенин түшүндүрдү.

Президент Эрдоган, бул уюмдун кызматташуу жана өнүгүү аракеттерин арттыруу максаты менен Пакистан жана Иран менен чогуу 1985-жылы түзүлгөнүн эске салып, буларды түшүндүрдү: «Берки дос жана тууган өлкөлөрдүн катышуусу менен өнүктүрүлүп жана кеңейтилди. Учурда уюм 8 миллион чарчы км аянтта бардыгы 400 миллион калкка кайрылууда. 10 тууган өлкөнү да камтууда. Ушул жагынан алганда абдан олуттуу потенциялды курамында сактап турат. Исламабад саммити орчундуу окуялар болгон, тарыхый мүнөздөгү окуялар болгон убакта өткөрүлүүдө. Евразиянын дүйнөлүк саясий жана соодалык, экономикалык сахнасында басымдуулугу арта баштаган процесстен өтүүдөбүз. Исламабад Саммитинин башкы темасын аймактык өнүгүү үчүн транспорт, байланыш жана соода жолдорунун бири-бирине кошулушу түзөт».

Баку-Тбилиси-Карс сыяктуу поезд багыттарынын да кызматташтыкка олуттуу салымы боло турганына көңүл бурган Эрдоган: «Экономикалык кызматтыштык уюмунун эбегейсиз потенциалын иш-аракетке өткөрүүдө дагы эле маселелерге дуушар болгонун кабыл алышыбыз керек. Уюм турган аймактын дүйнөлүк калктын санынын ичиндеги үлүшү 6 пайыз болгонуна карабастан дүйнөлүк соодадагы үлүшү 2 пайыз»,-деди.

Уюмдун соода көлөмүнүн мүчө өлкөлөрдүн жалпы тышкы соода сандарынын ичинде кичине орунду ээлегенин түшүндүргөн Эрдоган, бул көрүнүштү өзгөртүш үчүн бардык өлкөлөрдүн жоопкерчиликти милдеттеши керектигин белгилеп кетти.

Президент Эрдоган Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда жүргүзүп жаткан «Евфрат калканы» кыймылы тууралуу да, «Биздин бул жердеги күрөшүбүз ДЕАШ менен болуп жатат. Эгерде чындап эле шериктештерибиз ДЕАШ менен болгон күрөштө чынчыл болушса, биз да сиз менен чогуу кыймыл кылабыз». ДЕАШты Раккадан да тазалайлы. Бул жерди да чыныгы ээлерине тапшыралы. Түркия катары биздин бул жерлерде калуу сыяктуу дартыбыз жок. Бул жерлердин ээлери ким болсо ошолор келсин. Анткени бул жерлер бизге коркунуч туудуруп жатат. Бизге коркунуч туудура турган аймакты чөйрөбүздө көргүбүз келбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар