Президент Эрдоган Барзанини кабыл алды

Стамбулдагы Мабейн сарайында жабык эшик артында өткөн жолугушуу 1 саатка созулду.

680526
Президент Эрдоган Барзанини кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын күрт аймактык башкаруусунун президенти Месут Барзанини кабыл алды.

Стамбулдагы Мабейн сарайында жабык эшик артында өткөн жолугушуу 1 саатка созулду.

Кабыл алууда энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан, тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун өкмөт катчысы Сефин Дизайи жана Ирактын күрт аймактык башкаруусунун президенттик кеңешинин башчысы Фуад Хүсейин орун алышты.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, Мосул жана Телафердин абалы, бөлүүчү террор уюму ПККнын Ирактагы уландысы жана Сириядагы абалдар каралды.

Жолугушууда ошондой эле энергетикадан баштап соодалык карым-катнаштар да сүйлөшүлдү.

Түркия менен Ирактын ортосунда 10 миллиард доллардан ашуун соода көлөмү бар. Мунун маанилүү бөлүгү Ирактын күрт аймактык башкаруусу менен жүргүзүлгөн соодадан камсыздалууда.

Барзанинин кеңсесинен берилген жарыяда жолугушууда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү жана Мосулду ДЕАШтан куткаруу операциясына токтолушту. Президент Эрдогандын ДЕАШ менен күрөшүү темасында Ирактын күрт аймактык башкаруусуна колдоосун кайталаганы белгиленди.

Анда аймак жана Сириядагы саясий абалдар, Женева сүйлөшүүлөрү, эл аралык тең салмактуулуктардын өзгөрүшүнүн аймакка таасири менен Түркия жана Ирактын ортосундагы карым-катнаштар каралганы айтылды.



Тектеш кабарлар