Эл Баб каратылды

Райондун борборунун толугун террор уюму ДЕАШтан тазалаган Түрк куралдуу күчтөрү колдогон Эркин Сирия армиясы бул жерде террористтердин мурдатан көмгөн мина жана башка бомба системаларын тазалап жатат.

678912
Эл Баб каратылды

 

Түрк куралдуу күчтөрү колдогон Эркин Сирия армиясы Сириянын түндүгүндөгү Эл Баб районунун борборун да каратып алды.

Райондун борборунун толугун террор уюму ДЕАШтан тазалаган Түрк куралдуу күчтөрү колдогон Эркин Сирия армиясы бул жерде террористтердин мурдатан көмгөн мина жана башка бомба системаларын тазалап жатат.

Эл Бабдагы операцияда орун алган Түрк куралдуу күчтөрү колдогон Эркин Сирия армиясынын командирлеринен Ахмед ал-Шахаби: «Райондук борбордун көзөмөлү эми оппозициячылдарда. Мина жана жарылуучу заттардын себебинен кылдат түрдө илгерилеп баратабыз»,-деп айтты.

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Азез-Жераблустун арасын террор уюмдарынан тазалагандан кийин, декабрь айынын башында Эл Бабга багыт алган.

«Евфрат калканы» кыймылынын мүчөлөрү райондун борборуна ылдам кирүүнүн ордуна террористтердин туруштук берүүсүн талкалаш үчүн Эл Бабдын чөйрөсүн курчап алып илгерилөөнү тандаган. Ушундайча кыймылда жаран жан жоготуусу болушунун алдын алуу максатталган.

«Евфрат калканы» кыймылынын 184-күнүндө ушул убакка дейре 1900 чарчы километрден ашык аянт террордук уюмдардан тазаланды. Кыймылдын тереңдиги Түркия чек арасынан Сирияны көздөй 35 чакырымга жетти.



Тектеш кабарлар