Референдумдан кандай жыйынтык чыкса да ар ким өз ишин улантат

16-апрелде референдум өткөрүлөт

678079
Референдумдан кандай жыйынтык чыкса да ар ким өз ишин улантат

Премьер-министр Бинали Йылдырым 16-апрелде өткөрүлө турган референдумдан «макул» дагы, «каршы» дагы чыкса Түркиянын бөлүнбөй турганын айтты.

Йылдырым Чанкая сарайында гезит, теле, маалымат сайсы жана агенттиктердин жетекчилери менен үч саатка чейин созулган жыйын өткөрдү.

Премьер-министр элдик добуш берүүгө байланыштуу: «Сурамжылоолорго маани бербейм. 16-апрелде бардыгыбыз өз милдетибизди орундатабыз»,-деп айтты.

Референдумдан «макул» дагы, «каршы» дагы чыкса ар кимдин өз ишин улантаарын белгилеген премьер-министр: «Түркиянын бардык түсү биз үчүн окшош. 80 миллионго бирдей мамиле кылабыз»,- деп айтып, мындан бир гана террор уюмдары айырмаланат»,- деди.

Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин АКШдан тапшырылышына байланыштуу бир суроого премьер-министр: «Биз жоопко тарткыбыз келет бирок административдик чара көрүүлөр бар. Тандообуз тапшыруу, бирок (башка өлкөгө) чыгарылышын да оң кабыл алабыз»,- деп айтты.

Сирияда ок атышпоонун туруктуу болуусу үчүн АКШнын  аймакта дагы да таасирдүү болушу керектигин баса белгилеген Йылдырым: «Албетте эң аягында ал жерде чет элдик күч калбашы керек. Сирия сириялыктардыкы болушу зарыл. Бирок бардык жактары менен бирге»,- деди.



Тектеш кабарлар