Орусиядан Түркияга кошумча каттамдар

«Россия» авиа компаниясы Түркияга кошумча каттамдарын баштайт.

676385
Орусиядан Түркияга кошумча каттамдар

«Россия» авиа компаниясы,талап көп болгондуктан алдыбыздагы айда Санкт-Петербургдан Стамбул жана Антальяга тартиптүү каттамдарын баштайт.

Аба жолдорунун билдирүүсүндө, Орусиядагы эң чоң авиа компания «Аэрофлотко» караштуу болгон «Россия» компаниясынын 27-марттан тарта Санк-Петербург шаарынан дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Стамбулга тартиптүү катттамдарын баштай турганы белгиленди.

Ошондой эле 27-апрелден тарта да Антальяга шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү тартиптүү каттамдардын баштала турганы билдирилип, аты аталган учууларга байланыштуу алдын ала көрсөткүчтөргө караганда өзгөчө туристтер менен ишкерлерден талап чоң болуп жатканы айтылды.

Орусиянын Тур операторлору бирикмесинин башчысы Майя Ломидзе бир канча күн мурдагы билдирүүсүндө, эрте резервация көрсөткүчтөрүнө караганда быйылкы жайга орусиялык туристтердин Түркияга болгон талабы рекорддук деңгээлге жеткенин маалымдаган болчу.



Тектеш кабарлар