Өкмөт башчы Мюнхенде басма сөзгө маалымат берди

Премьер-министр Йылдырым, Германиянын Мюнхен шаарында аптанын акырында өткөн 53-Мюнхен коопсуздук саммитиндеги жолугушууларын гезит жана теле журналисттерге маалымдады.

676002
Өкмөт башчы Мюнхенде басма сөзгө маалымат берди

Премьер-министр Бинали Йылдырым Сирияда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдөгү Түркиянын кызыл чийиндерин АКШнын жаңы бийлигине түшүндүрдү.

Йылдырым, бир террор уюмунун башка бир террор уюму менен жок кылынышынын кабыл алынгыс экенин айтты.

Премьер-министр Йылдырым, Германиянын Мюнхен шаарында аптанын акырында өткөн 53-Мюнхен коопсуздук саммитиндеги жолугушууларын гезит жана теле журналисттерге маалымдады.

Күн тартипте Сириядагы абалдар жана операциялар бар эле.

«Бир террор уюму менен башка бир террор уюмунун жок кылынууга аракет кылынышы туура эмес» деп айткан премьер-министр Йылдырым, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө Эл Бабдан кийинкиси үчүн Түркиянын колдоо көрсөтө турганын, бирок операцияларда террор уюмдарынын орун албоосу шарты менен салым кошо ала тургандарын айтты.

Түркиянын «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Эл Бабда ишке ашырган ДЕАШ менен күрөшүү ыкмасы кандай болсо Раккада да ошондой боло турганын баса белгилеген Премьер-министр, аймакта Эркин Сирия армиясын колдоосунун улана турганын жаңы Америка бийлигине билдиргендерин айтты.

АКШ бийлиги менен жаңы барак ачкандарын баса белгилеген Йылдырым, АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен болгон жолугушуусунда Ракка операциясында жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын орун албай турганы байкоосун алганын белгилеп кетти.

Мүнбич темасына да токтолгон премьер-министр Йылдырым, Түркиянын Мүнбичке байланыштуу ниетинин так болгонун баса белгилеп, Мүнбичтеги ПЙД элементтеринин тазаланышы үчүн АКШнын гарантиясынын орундатылышын күткөндөрүн түшүндүрдү.

Эл Бабда тазалоо баскычына өтүлгөнүн, камсыздоочу жолдорунун үзүлгөнүн да түшүндүргөн Бинали Йылдырым: «Эл Бабда канча ДЕАШ мүчөсү бар болсо бардыгы тазаланат»,-деди.

ПЙДнын да террор уюму болгонун дагы бир жолу баса белгилеген Премьер-министр, Евфрат дарыясынын батышында ПЙДнын болушуна да сереп салды.

Өкмөт башчы: «Террор коркунучу кайдан келсе келсин биздин муну тосуп алуу жана жок кылуу укугубуз бар. Биз шериктештерибизге келгиле ПЙД менен эмес Түркия менен бул ишти кылгыла деп жатабыз»,-деди.

Йылдырым Сирияда бардык этникалык топтор сыяктуу күрттөрдүн да сөз ээси боло турганын баса белгиледи жана «Күрттөр менен ПЙДны чаташтырбоо керек»,-деп кошумчалады.

Сирияда максаттын үстөмдүк куруу эмес, тынчтыкты түзүү болгонун баса белгилеген Йылдырым, Ирандын мамилесине да сереп салды. Пемьер-минстр Биналди Йылдырым, Сирияда секта айырмачылыгынын алдыңкы планга чыгарылуусунун кабыл алынгыс экенин белгилеп, Ирандын бул темага конструктивдүү салымдарын кошуусун күткөндөрүн айтты.

Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүүдө келип жеткен жерге да токтолгон Йылдырым, Американын вице-президенти Майк Пенстин «Маселе укуктук, бирок келишимдерибизге ылайыктуу түрдө абдан олуттуу карайбыз» дегенине да «Бул биз үчүн жаңы абал»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар