2 миң жылдык жарча мүрзөлөр

Шанлыурфадагы байыркы көрүстөндөр туризмге ачылат

673203
2 миң жылдык жарча мүрзөлөр

Түркия Шанлыурфадагы 2 миң жылдык жарча мүрзөлөрдү туризмге ачат.

Миңдеген жылдардан бери көптөгөн цивилизацияга жетекчилик кылып келе жаткан тарыхый шаар Шанлыурфа, Түркиядагы диний жана маданий туризмдин негизги борборлорунун башында турат.

Тарыхый жайлары менен ачык асман алдындагы музей сымал шаарда, Кале Этеги жана Кызылкоюн аймактарында башталган реставрация жана айлана чөйрөнү калыбына келтирүү иштеринде байыркы көрүстөндөр жарыкка чыгарылды.

Эки аймакта тең жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында үңкүрлөрдүн ичинде б.з.ч 1-кылымга таандык 113 жарча мүрзө табылды.

Бул үңкүрлөрдө жайгашкан байыркы мүрзөлөрдүн түбүндө ошол доорго тааандык мозаика фигуралар орун алууда.



Тектеш кабарлар