Президенттик Түркия велосипед туру кечеңдетилди

ТУР 2017 өткөрүлө турган  күн Профессионалдык велосипед биримдигинин март айындагы жыйынында белгиленет

673695
Президенттик Түркия велосипед туру кечеңдетилди

Бул сезондо биринчи жолу Дүйнөлүк турунун календарына кошулган Президенттик Түркия велосипед туру эл аралык велосипед биримдиги тарабынан кечеңдетилди.

Эл аралык велосипед биримдигинин интернет сайтынан берилген маалыматта ТУР 2017нин башка иш чаралар менен дал келбеши үчүн Түркия велосипед федерациясынын  кечеңдетүү кайрылуусунун кабыл алынгандыгы билдирилди.

18- 23 -  апрелде өткөрүлүшү пландалган ТУР 2017 өткөрүлө турган  күн Профессионалдык велосипед биримдигинин март айындагы жыйынында белгиленет.

 



Тектеш кабарлар