Түркия менен Орусиянын ортосундагы "Шейит жайлары" тууралуу келишим...

Түркия менен Орусиянын ортосунда колу коюлган «Шейит жайлары» келишими Түркия Парламентинде кабыл алынды.

672772
Түркия менен Орусиянын ортосундагы "Шейит жайлары" тууралуу келишим...

Түркия менен Орусиянын ортосунда кол коюлган «Шейит жайлары» келишими Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде кабыл алынды.

Добуш берүүгө катышкан 188 эл өкүлүнүн добушу менен кабыл алынган келишимге ылайык, 1-Дүйнөлүк согуш жылдарында туткун болгон жана лагерлерде каза болуп Орусиянын Красноярск аймагында көмүлгөн түрк аскерлери үчүн шейит эстелиги тургузулат.

Келишим менен айрыкча Владивосток, Петровск жана Киров шаарларында орун алган түрк аскерлеринин көрүстөндөрүнүн тегинин аныкталышы жана бул шаарларда да бирден эстелик тургузулушу максатталууда.

Аты аталган келишимге 2012-жылы 3-декабрда министрлер деңгээлинде болгон Түркия-Орусия Федерациясы Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 3-жыйналышында Тышкы иштер министрлери тарабынан кол коюлган.

Орусия келишим тууралуу ички ратификация процессин 2013-жылдын 11-декабрында бүтүргөн.

Түркия Парламентинде кабыл алынган келишим тууралуу мыйзамдын Президент тарабынан бекитилип Расмий гезитте жарыяланышы менен бирге Түркиядагы ички укук процессине да акыркы чейит коюлган болот.



Тектеш кабарлар