Эрдоган Түркмөнстандын президентин куттуктады

Бердимухамедовго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

672857
Эрдоган Түркмөнстандын президентин куттуктады

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркмөнстанда кайрадан президент болуп шайланган Гурбангули Бердимухамедовду куттуктады.

Президенттиктен маалымдалгандай Эрдоган, Түркмөнстанда 12-февралда өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын көпчүлүгүнө ээ болуп кайрадан президент болуп шайланган Бердимухамедовго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Шайлоонун жыйынтыктарынын Түркмөнстанга жакшылыктарды алып келишин каалаган Эрдоган Бердимухамедовго жөнөткөн куттуктоо телеграммасында: «Алдыбыздагы мезгилде да эки боордош өлкө Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы карым-катнаштардын бекемделип уланышына ишенемин. Түркмөнстандын өсүп-өнүгүү жолунда сиздин чечкиндүү лидерлигиңизде так кадамдар менен илгерилей турганына эч шек жок»,-деди. 



Тектеш кабарлар