Эки министр жолугат
Лавров кесиптештери менен жолугушууларды өткөрөт
673163
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 18-февралда Германиянын Мюнхен шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова бир жумалык маалымат жыйынында Лавровдун 16-17-февралдагы Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин саммити үчүн бара турган Германияда жолугушууларды өткөрө турганын айтты.
Захарова Лавровдун түрк кесиптеши Чавушоглу менен 18-февралда Мюнхенде сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын билдирди.
Ошондой эле Лавровдун Бонн шаарында болсо АКШлык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен жолугушуусунун пландалганын, бул жолугушуу үчүн даярдыктардын уланып жатканын белгиледи.