Хатайда бир аскер шейит болду
Хатайдагы Аманос тоолорунда жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн операцияда бир адис сержант шейит болду
672270
Хатайдагы Аманос тоолорунда жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн операцияда бир сержант шейит болду. Хатай губернатору Эрдал Ата Аманос тоолорунун Дөртйол районунда аймакта жандармерия топторунун террордук уюм ПККга карата операция жүргүзгөндүгүн, чыккан кагылышууда бир адис сержанттын шейит болгондугун айтып : «Бир канча айдан бери байкоо чалгындоолору жүргүзүлүп жаткан бирок биринчи жолу капгылышуу болду. Азыркы учурда кагылышуу улантылууда»,- деди.