Президент Эрдоган Булуң өлкөлөрүнө сапар жасайт

Эрдоган 12-15-февраль күндөрүнүн арасында Бахрейн, Сауд Арабия жана Катарды камтыган сапарга чыгат.

670590
Президент Эрдоган Булуң өлкөлөрүнө сапар жасайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган 12-15-февраль күндөрүнүн арасында Бахрейн, Сауд Арабия жана Катарды камтыган сапарга чыгат.

Президенттик басма сөз борборунан маалымдашкандай Эрдоган эң оболу Бахрейнге барып король Хамад бин Иса аль Ханифе менен жолугат жана Бахрейндин жогорку жетекчилерин кабыл алат.

Эрдоган 13-февралда Сауд Арабияга өтөт. Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдүлазиз менен жолуга турган Эрдоган, Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Наиф жана мураскер принци Мухаммед бин Селманды кабыл алат.

Сауд Арабиядан Катарга өтө турган Эрдоган ал жерде Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад аль Сани менен жолугат. Сапарлардагы жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан каралып чыгат, аймактык жана эл аралык темаларда пикир алмашылат.

 



Тектеш кабарлар