Премьер - министр Бинали Йылдырым - АКШнын вице - президенти Майк Пенстин сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар каралды

669601
Премьер - министр Бинали Йылдырым  -  АКШнын вице - президенти Майк Пенстин сүйлөшүүсү

Премьер – министр Бинали Йылдырым АКШнын вице – президенти Майк Пенс менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө башта аскердик, коопсуздук жана террор менен күрөш болуп  союздаштык, өнөктөштүктүн негизинде эки тараптуу карым – катнаштар каларды.

Эки өлкөнүн карым – катнаштарынын алдыбыздагы мезгилдетыгыздаштырылышы жана жаңылыш түшүнүшүүлөрдүн жоюлушу тууралуу макулдашылган сүйлөшүүдө Пенс Түркия- АКШ карым – катнаштары үчүн «жаңы бир күн» деген сөздү колдонду.

АКШнын вице – президенти айрыкча кечээ Сириянын Ел Баб аймагында шейит болгон түрк аскерлери үчүн көңүл айтып, террор менен күрөшүүдө Түркияга колдоо беришерин баса белгиледи.

Премьер – министр Бинали Йылдырым да Пенске көңүл айткандыгы үчүн рахмат айтты жана жаңы кызматка келишинен улам куттуктады.

Йылдырым Түркиянын кээ бир аймактык темаларындагы мамилесин жаңы башкаруу менен жакын кызматташтык ичиндеиштөөнү каалагандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар