Президент Р. Т. Эрдоган Сомалинин жаңы президентин куттуктады

Сүйлөшүүдө Түркиянын Сомалидеги ырааттуулук жана бейкуттуктун түзүлүшүнө маани бергендиги баса белгиленди

668651
Президент Р. Т. Эрдоган Сомалинин жаңы президентин куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Сомалиде президенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Мохаммед Абдуллахи Фармаажону куттуктады. Фармаажого телефон чалган президент Эрдоган жаңы кызматында ийгилик каалады. Сүйлөшүүдө Түркиянын Сомалидеги ырааттуулук жана бейкуттуктун түзүлүшүнө маани бергендиги баса белгиленди.

Ошол эле учурда мурунку премьер – министр Мохаммед Абдуллахи Фармаажонун президенттик шайлоодо жеңиш менен чыгышы борбор шаар Могадишуда жүздөгөн киши майрамдады.

Президенттик шайлоо үчүн өткөрүлгөн 2 -  айлампадагы добуш берүүдө кызмат мөөнөтү  толгон президент Хасан Шейх Махмуд мурунку премьер – министри Мохаммед Абдуллахи Фармаажо менен мурунку президент Шериф Шейх Ахмед жарышты. 55 жаштагы Фармаажонун Америка жарандыгы да бар.

 



Тектеш кабарлар