Диярбакырдын элет жерине операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү Диярбакырдын Лиже районунун элет жерине абадан операция жүргүздү.

668894
Диярбакырдын элет жерине операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү Диярбакырдын Лиже районунун элет жерине абадан жүргүзгөн операцияда жикчил террор уюму ПККга таандык 8 бутаны жок кылды.

Башкы штаб төрагалыгын жарыясына караганда кечээ саат 19:04-19:24 арасында Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар менен абадан кыймыл уюштурулду.

Кыймылдын алкагында жикчил террор уюмунун мүчөлөрүнүн баш калкалоочу уюктары жана кышкы база кылуучу аянты менен дочка жайгаштырган жер катары колдонгон 8 бутаны атты.

Буталардын атылышынан кийин милдеттерин ийгиликтүү аяктаган согуштук учактар коопсуз түрдө базаларына кайтып келди.



Тектеш кабарлар