Түркия досторунан, шериктештеринен эмне күтөт?

Вице-премьер Нуман Куртулмуш Түркиянын эмне күткөнүн айтып берди

666891
Түркия досторунан, шериктештеринен эмне күтөт?

Вице-премьер жана өкмөттүн басма сөз катчысы  Нуман Куртулмуш Түркиянын шериктештеринен, жикчил террордук уюм ПККга каршы күрөшүүдө да колдоо көрсөтүүлөрүн күткөнүн айтты.

Куртулмуш Министрлер кеңешининен кийинки билдирүүсүндө, террорго каршы күрөшүү аракеттерине баа берди.

«Биз досторубуздан, шериктештерибизден күтүүбүз жалгыз гана ДЕАШка каршы бир канча маалыматтардын, далилдердин бөлүшүлүшү эмес»,- деп айткан Куртулмуш: «Күтүүбүз ошол эле учурда ПКК/ПЙД уюмдарынын да Түркияга каршы пландары боюнча Түркияга маалымат берилиши. Достук, шериктештик ушуну талап кылат. Акыркы мезгилдерде маалымат жана чалгындоо бөлүшүүсүндө оң жылыштар болуп жатат. Бирок бардык маалыматтар толук бөлүшүлгөн чалгындоо бөлүшүүсүн да күткөнүбүздү айта кетейин»,- деди.



Тектеш кабарлар