Адилет министри конституциялык өзгөртүүгө сереп салды

Бекир Боздаг, конституциялык өзгөртүүгө байланыштуу элдик добушка салууда түрк калкынын өкмөттү түздөн-түз шайлап же шайлабай турганына чечим чыгараарын маалымдады.

666837
Адилет министри конституциялык өзгөртүүгө сереп салды

Адилет министри Бекир Боздаг, конституциялык өзгөртүүгө байланыштуу элдик добушка салууда түрк калкынын өкмөттү түздөн-түз шайлап же шайлабай турганына чечим чыгараарын маалымдады.

Бекир Боздаг социалдык бөлүшүү барагы твиттердеги эсебинен конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу элдик добушка байланыштуу маалымдоолорду жасады.

«Президенттик өкмөт системасы менен Түрк калкына тарыхында алгач ирет түздөн-түз эркин эрки менен аткаруу бийлик бутагын шайлоо укугун берүүдө»,-деген Боздаг: «Референдумда өкмөттү түздөн-түз биз шайлайбыз дегендер «макул», өкмөттү түздөн-түз биз шайлабайлы дегендер болсо «каршы» деген добуш беришет»,деген серебин салды.

Учурдагы парламенттик системада өкмөттү эл түздөн-түз шайлай албаганына көңүл бурган адилет министри Боздаг, мунун Конституция элди түздөн-түз өкмөттү шайлоого жетилген деп эсептебегендигинен келип чыкканын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар