Түрк делегациясы Газада электр энергиясы маселесин сүйлөштү

PENRAнын Газадагы борборунда болгон жолугушуу бир сааттай уланды.

665950
Түрк делегациясы Газада электр энергиясы маселесин сүйлөштү

Түрк делегациясы Газадагы электр энергиясы маселесин жооптуу кызматтагылар менен сүйлөштү.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинен бир делегация, Газа тилкесинде 10 жылдан бери уланган электр энергиясы маселесинин чечилүү жолдорун иликтөө максатында Газадагы Палестина энергетика жана жаратылыш газ резервдери башкармалыгынын (PENRA) адистери менен жолукту.

PENRAнын Газадагы борборунда болгон жолугушуу бир сааттай уланды.

PENRAнын Маалымат борборунун директору Ахмет Абу Умрайн, маалымат жыйынында: «Түрк делегациясы, Газадагы электр энергиясы кризисинин чечилишин иликтөө үчүн келди»,-деди.



Тектеш кабарлар