Маданият министри Наби Авжы Израилге барат

Түркия  - Израиль карым – катнаштарынын калыбына келиши жолунда манилүү бир кадам дагы ташталууда

666160
Маданият министри Наби Авжы Израилге барат

 

7 жылдык убакыттан кийин Түркиядан Израилге министрлик деңгээлде биринчи сапар бүгүн башталат.

Маданият жана туризм министри Наби Авжы Тель – Авивде Жер Ортолук деңиз туризм жарманкесине катышат. Наби Авжынын кечки   сааттарда Тель Авивде болушу күтүлүүдө.

Жолугушууларын эртең шейшемби күнү баштай турган маданият жана туризм министри Авжы биринчи болуп израилдик кесипетши Ярив Левин менен жолугушат. Авжынын  кийинки бара турган жери Жер Ортолук деңиз туризм жарманкеси болот.

Наби Авжы шаршемби күнү да Батыш Шерианын Рамаллах шаарына барат, Палестинанын биринчи мамлекет башчысы Ясир Арафаттын кабырын да зыярат кылат.

Палестинанын маданият министри Ихаб Бесису менен да жолугуша турган Авжы Иерусалимге барып Месжид  -  и Аксаны зыярат кылат жана «Мурунку Иерусалим» фото -  сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышын аткарат. Наби Авжынын сапары Түркия – Израиль карым – катнаштарынын калыбына келүү процессинде абдан чоң мааниге ээ болууда.

Израиль коопсуздук күчтөрүнүн 2010 -  жылы 31 -  майда Газада гуманитардык жардам алып барган «Мави Мармара» кемесине кол салуусу менен 10 түрк жаранынын каза болушу, эки өлкөнүн карым – катнаштарынын үзүлүшүнө себеп болгон. Карым – катнаштар Израилдин кечирим суроосу, курман болгондордун үй – бүлөлөрүнө бериле турган компенсациянын Түркияга  берилиши жана Газага гуманитардык жардамдардын баштатылыш менен калыбына келүү процессине кирген болчу. Акыркы болуп эки өлкөнүн элчилери декабрь айында ишин баштаган.



Тектеш кабарлар