Эфиопиянын президенти Түркияга келет
Эфиопиянын президенти Мулату Тешоме Вирту эртең шейшемби күнү Түркияга келет
666468
Эфиопиянын президенти Мулату Тешоме Вирту эртең шейшемби күнү Түркияга келет.
Конок президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушат. Эки лидер делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө да жетекчилик кылат.
Президенттик комплекстеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым – катнаштар менен аймактык жана эл аралык темалар каралат. Жолугушууда Түркия жана Эфиопиянын ортосунда түрдүү келишимдерге кол коюлат.
Эфиопиянын президенти Вирту өлкөсүнүн Анкара элчилигинин жаңы отурукташуу жеринин пайдубалын түптөө аземине да катышат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.