Террор менен күрөшүү бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз

Бинали Йылдырым иш сапары менен Анкарага келген Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту.

664613
Террор менен күрөшүү бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз

Премьер-министр Бинали Йылдырым, бир күндүк иш сапары менен Анкарага келген Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту.

Жолугушуудан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында өкмөт башчы Йылдырым, Германиянын канцлери менен коопсуздук жана экономикадан баштап эки өлкөнүн карым-катнаштарын кеңири сүйлөшкөндөрүн белгилеп кетти.

Бинали Йылдырым: «Феттуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) баштаган бардык террор уюмдары менен күрөшүүдө Германиянын колдоосуна муктаждыгыбыз бар»,-деп айтып, «Террор жалгыз эле Германиянын, Түркиянын маселеси эмес. Дүйнө жүзүнүн башына балээ болду. Террор уюму ДЕАШ баштаган бардык террордук уюмдарды аймактан тазалоо бардыгыбыздын орток жоопкерчилигибиз болуп саналат»,-деп айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркель да Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын имаратын кыдырып баратып ФЕТӨ тийгизген зыяндарды иликтеп чыкканын белгиледи.

«Түркиянын оор жүктү ташып баратканын билебиз»,деген Меркель, Германияда ПККнын террор уюму катары кабыл алынганын айтып: «Террор менен күрөшүү боюнча кызматташтыгыбыз уланат, Түркия менен биргебиз жана колдойбуз»,-деп айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, конок канцлер Меркелдин урматына кечки тамагын берди. Тамакка эки өлкөнүн делегациялары да катышты.



Тектеш кабарлар