Түркиядан Гвинеяга 50 автобус жардамы

Конакри башкаруусунан жооптуу Матурин Бангура Түркиянын автобус жардамынын Гвинея үчүн абдан маанилүү экендигин жана өлкөдөгү чоң кемчиликти жапкандыгын айтты

662911
Түркиядан Гвинеяга 50 автобус жардамы

Өткөн жылы президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен Гвинеяга жибериле баштаган автобустардын баары тапшырылды.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКАнын төрагасы Сердар Чам  Гвинеянын борбор шаары Конакриде өткөрүлгөн автобустарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Гвинеянын ортосундагы кызматташтыктан ыраазы экендерин айтты.

Түрк аба жолдорунун Конакриге каттамдарын баштоо чечимин чыгаргандыгын, ТИКАнын да Конакриде өкүлчүлүк ачкандыгын белгилеген Чам Түркиянын Гвинея менен карым – катнаштарын өнүктүрүүнү улантарын баса белгиледи. Стамбул мэринин кеңешчиси Исмаил Хаккы Турунч да Стамбул мэриясы тарабынан берилген автобустардын Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА тарабынан Гвинеяга жеткирилгендигин билдирди.

Конакри башкаруусунан жооптуу Матурин Бангура Түркиянын автобус жардамынын Гвинея үчүн абдан маанилүү экендигин жана өлкөдөгү чоң кемчиликти жапкандыгын айтты.

Жардамдарынан улам Түркияга рахмат айткан Гвинеянын транспорт министри Ойе Гуилавогу да президент Р. Т. Эрдогандын 2016 -  жылы мартта Гвинеяга жасаган сапардан кийин Түркия  - Гвинея карым – катнаштарынын күчтөнгөндүгүнө көңүлдөрдү бурду. Эрдоган өлкө сапарында Стамбул мэриясынын Конакриге 50 автобус белек кыларын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар