Түркия Канададагы кол салууну айыптады

Канадада мечитке кол салуу болгон

662222
Түркия Канададагы кол салууну айыптады

Түркия Канаданын Квебек штатында мечит катары да колдонулган Ислам маданий борборуна болгон террордук кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ыйык жайда ибадат кылган бейкүнөө адамдарды бутага алган кол салуудан каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушу, жаракат алгандын тез сакайып кетиши кааланды.

Билдирүүдө: «Канада өкмөтү, Исламофобия негиздүү айтым жана кыймылдар ылдам күчөп бараткан мезгилде болгон бул кол салууга байланыштуу керектүү териштирүүнү кылдат жүргүзөөрүнө ишенебиз. Ар башка улуттагы адамдар ынтымактуу жашаган өлкө Канаданын тынчтыгын бутага алган бул террордук кол салууга каршы Түркия дос жана шериктеш Канадага тилектештик көрсөтөт»,- деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар