Анкарада Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Президенттик комплексте чогула турган Улуттук коопсуздук кеңеши саат 14:00дө башталат.

662195
Анкарада Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Улуттук коопсуздук кеңеши бүгүн президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.

Жыйналышта Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылы, террор менен күрөшүү жана экономикадагы абалдар каралат.

Президенттик комплексте чогула турган Улуттук коопсуздук кеңеши саат 14:00дө башталат.

Жылдын алгачкы Улуттук коопсуздук кеңешинде айрыкча; Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары, Кипр сүйлөшүүлөрү, акча базарларынын абалы жана Дональд Трамптын президент болуп шайланышынан кийин АКШ менен карым-катнаштардагы жаңы мезгилге да баа берилиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар