Сириялык баш калкалуучулардын айрымдарына Түркияда атуулдук берилет

Түркиянын территориясында жашап жаткан 3 миллион сириялык баш калкалоочуга атуулдук берүү процесси башталды.

661990
Сириялык баш калкалуучулардын айрымдарына Түркияда атуулдук берилет

Түркия, ылайыктуу шарттарга ээ болгон сириялык баш калкалоочуларга жарандык берүү процессин баштады.

Сириялык баш калкалоочуларга алар ээ болгон жөндөмдүүлүктөрүнө жараша атуулдук бериле турганы, жашоолорунун мындан ары Түркияда дагы оңой боло турганы айтылды.

Түркиянын территориясында жашап жаткан 3 миллион сириялык баш калкалоочуга атуулдук берүү процесси башталды.

Европа өлкөлөрү, адистиги болгон, жөндөмдүүлүктөрү жетиштүү жана акчасы бар сириялыктарды өздөрүнө тартууда.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жүргүзүп жаткан саясаттарынын бир жүрүшү катары 3 миллион сириялыкка жарандык берилүү процессин жарыялады.

Атуулдук укугун алгысы келген кишилер, Түркия баалай турган жөндөмдүүлүккө ээ болушу керек. Түркияда жүргөн сириялыктар көп тармакта иштеп жатышат. Ар башка ишканаларда иштеген жана булардын арасында эң ийгиликтүү болуп санала турган, түрктөрдү дагы сириялыктарды дагы ишке ала алышат.

Максат бул ийгиликтүү кишилердин атуулдук үчүн кайрылуу мүмкүнчүлүгү берилген кишилердин арасында эң жок дегенде алгачкы этапта орун таба алуулары. Эгерде алгачкы баскычта ийгилик камсыздалса дагы жөндөмдүү сириялыктар кайрыла алышат.

Баш калкалоочу болуп атуулдук берилиши үчүн ылайыктуу шарттарга ээ болбогон кишилердин абалы өзгөрбөйт.

 

 

 



Тектеш кабарлар