Чавушоглунун Латын Америкасына сапары

Мевлүт Чавушоглу Аргентина, Парагвай, Доминикан Республикасы жана Мексиканы камтыган Латын Америка туруна чыкты.

661509
Чавушоглунун Латын Америкасына сапары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Аргентина, Парагвай, Доминикан Республикасы жана Мексиканы камтыган Латын Америка туруна чыкты.

Министр Чаушоглунун Латын Америкасындагы алгачкы аялдамасы Аргентина болот. Чавушоглунун Аргентина сапары 2010-жылы жүз жылдыгын толтурган эки тараптуу карым-катнаштардын алкагында 19 жылдык мөөнөттөн кийин тышкы иштер министри деңгээлинде болгон алгачкы сапар өзгөчөлүгүнө ээ.

Эки өлкөнүн ортосунда соода, туризм, маданият жана илимий кызматташтык тармагында бир канча эки тараптуу келишимдер бар. Эң акыркы жолу 2011-жылы «Аба транспорту» келишими, «Кен иштетүү тармагында кызматташтык» мемордандуму менен «Дипломатиялык академиялардын арасында кызматтыштык» меморандумуна кол коюлган.

Чавушоглунун сапарында Түркия жана Аргентинанын ортосунда «Бажы темаларында кызматташтык жана эки тараптуу жардамдашуу» келишимине кол коюлат.

Министр Чавушоглунун Аргентинадан кийин Парагвайга жасай турган сапары болсо Түркиядан ал өлкөгө тышкы иштер министри деңгээлинде жасалган алгачкы сапар болот.

Сапарда Түркия жана Парагвайдын ортосундагы «Эки тараптуу аба транспорту» келишими жана «Достук жана кызматташтык» келишимине кол коюлушу көздөлүүдө.

Чавушоглунун Латын Америкадагы үчүнчү аялдамасы болсо Домикан республикасы болот. Сапарда эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү жана аймактык мекемелердеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралып чыгат.

Тышкы иштер министри Латын Америка турун 3-февралда Түркиянын Түндүк Америкадагы алгачкы стратегиялык өнөктөшү Мексикага барып аяктайт.

Латын Америкасы жана Кариб аралдарында аймак өлкөлөрү менен карым-катнаштарын өнүктүрүш үчүн өзгөчө акыркы жылдарда дагы активдүү тышкы саясат жүргүзгөн Түркия, эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сапарлар жана жыйналыштар менен саясий карым-катнаштардын өнүгүшүнө, соодалык, экономикалык, аскердик, маданий жана техникалык кызматташтык келишимдерине кол коюлушуна, сооданын колдоого алынышына жана дипломатиялык өкүлдүк менен маданий таасирлешүүнүн арттырылышына адыңкы орун берилет.

Латын Америкасы менен карым-катнаштардын кандай жана кайсы тармактарда өнүктүрүлө турганынын белгилениши максаты менен 1998-жылы ишке ашырыла буштаган «Латын Америка жана Кариб аралдары иш-аракет планынын» күн тартиптеги абалын 2006-жылы ошондой эле Түркияда «Латын Америка жана Кариб аралдары жылы» деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар