Эрдогандын Мозамбиктеги жолугушуулары башталды

Эки президент бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларын өткөрө башташты.

658170
Эрдогандын Мозамбиктеги жолугушуулары башталды
erdoğan, mozambik2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Танзаниядагы жолугушууларын аяктагандан кийин Чыгыш Африка турунун экинчи аялдамасы Мозамбиктеги программасын баштады.

Президент Эрдоган эң оболу борбор шаар Мапутада Баатырлар аянтындагы Матола эстелигине гүлчамбар койду жана андан соң Мозамбиктин президенти Филипе Хасинто Ниуси тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

Президент Эрдоган жана Ниуси салтанат аянтындагы орундарын алган соң замбиректин атылышынын коштоосунда эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Эрдоган гвардиячы полктун аземде тизилген бөлүгүнө салам берди.

Эки өлкөнүн делегациялары тааныштырылгандан кийин Эрдоган менен Ниуси Мамлекет башчылык сарайына өтүштү.

Эки президент бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларын өткөрө башташты.

Мозамбиктин президенти Филипе Хасинто Ниуси менен бетме-бет жолугушкан соң биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен сооданын өнүктүрүлүшүнө карата темалар каралат.

Сапарда эки тараптуу карым-катнаштар каралып Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүү темасы да маанилүү орун алат.

Мозамбикте жүргөн ФЕТӨ түзүмү менен күрөшүү темасында кайдыгер болбоо талап кылынат.

Президент Эрдоган эң акырында Түркия-Мозамбик Ишкердик форумуна катышат.

Президент Эрдогандын Африка турунун алкагындагы Мозамбик сапары, ал өлкөдө жашаган мусулмандарды ыраазы кылды.

Эрдогандын расмий сапарына чоң маани беришкен Мозамбик жарандары, бул сапардын эки өлкө карым-катнаштарын өнүктүрө турганы жана коомчулуктардын арасындагы колдошууну дагы да арттара турганына ишенишүүдө.



Тектеш кабарлар