Президент Эрдоган Танзанияда

Эрдоган Чыгыш Африка турунун алгачкы аялдамасы Танзанияда.

656995
Президент Эрдоган Танзанияда
cumhurbaşkanı tanzanya işadamları.jpg
cumhurbaşkanı tanzanya halk.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чыгыш Африка турунун алгачкы аялдамасы Танзанияда.

Президент Эрдоганды Дар-эс-Саламдагы Эл аралык «Жулиус Ньерере» аэропортунда Танзаниянын премьер-министри Кассим Мажалива, Түркиянын Дар-эс-Саламдагы элчиси Ясемин Эралп жана элчиликтин кызматкерлери тарабынан тосулуп алынды.

Президент Эрдоган колдорунда Түркия жана Танзаниянын желекетрин көтөрөгөн калың топ менен маектешти.

Президент Эрдоган андан соң Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурган жыйналышта түрк ишкерлери менен жолукту.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйналышка тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин төрагасы Өмер Жихад Вардан менен көп сандаган ишкерлер да катышты.

Расмий жолугушуулар болсо бүгүн башталат. Танзаниянын президенти Жон Помбе Жосеф Магуфули, Икулу мамлекеттик сарайында президент Эрдоганды расмий салтанат менен тосуп алат.

Оболу эки лидер бетме-бет жолугушуу өткөрөт, андан соң делегациялар аралык жорлугушууга жетекчилик кылышат.

Ар башка тармактарда келишимдерге кол коюлгандан кийин Эрдоган менен Магуфули биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.

Эрдоган менен Магуфули Ишкердик форумуна да жетекчилик кылышат.

Президент Эрдоган Танзаниядагы жолугушууларын аяктагандан кийин Чыгыш Африка турунун экинчи аялдамасы Мозамбикке барат.



Тектеш кабарлар