Президент Р. Т. Эрдоган Чыгыш Африка өлкөлөрүнө сапар менен барат

Президент Р. Т. Эрдоган 22 – 26 – январь күндөрү Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Танзания, Мозамбик жана Мадагаскарга расмий сапар менен барат

656064
Президент Р. Т. Эрдоган Чыгыш Африка өлкөлөрүнө сапар менен барат

Президент Р. Т. Эрдоган 22 – 26 – январь күндөрү Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Танзания, Мозамбик жана Мадагаскарга расмий сапар менен барат.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдоган  23 – 23 -  январда Танзанияга жасай турган сапарынын негизинде Танзаниянын президенти Жон Помбе Жосеф Магуфули менен жолугушат. Эки президент өткөрүлө турган делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышат.

Эрдоган Танзания сапарынан кийин Мозамбикке Түркиядан президенттик деңгээлде жасала турган биринчи сапарды ишке ашыруу үчүн борбор шаар Мапутого барат. Эрдоган 24 -  январь шейшемби күнү президент Филипе Хасинто Нуси менен жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Президент Эрдоган ошол эле күнү Мадагаскардын борбор шаары Антананаривого барат. Бул жерде 25 -  январь шаршемби күнү Мадагаскардын мамлекет башчысы Эри Радзаунаримампианина менен жолугуша турган  Эрдоган андан кийин мамлекет башчысы Радзаунаримампианина менен делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылат.

Президент Эрдогандын Мадагаскарга жасай турган сапары да Түркиядан бул өлкөгө президенттик деңгээлде жасалган биринчи расмий сапар болушу жактан тарыхый мааниге ээ. Сапары учурунда өткөрүлө турган жолугушууларда эки тараптуу карым – катнаштардын жана кызматташтыктын бардык жагы менен каралышы жана  Африка континенти менен аймактык  - эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушу жана түрдүү тармактарда кызматташтык келишимдерине кол коюшу пландалууда.

Президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен 3 өлкөдө өткөрүлө турган иш форумдары ишкерлердин жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуп кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Президент Эрдогандын мурунку жылдарда Африка өлкөлөрүнө жасаган сапарлардын уландысы мүнөзүндө  болгон бул сапарлар Африка өнөктөштүк саясатынын негизинде континент менен кызматташтыкты бекемдөөгө карата эрктин  так көрсөткүчү болууда.

 



Тектеш кабарлар