Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Доланьд Трамптын ант берүү аземине катышууда

Мевлют Чавушоглу жаңы мезгилде баш тартылгыс союздаштык карым – катнаштарына кайрадан форма берилүүсү керектигин айтты

655757
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Доланьд Трамптын ант берүү аземине катышууда

АКШда президенттик кызматты Барак Обамадан өткөрүп ала турган Дональд Трамп бүгүн ант берүү менен кызматын расмий түрдө баштайт. Дүйнөдөн көп сандаган жогорку мартабалуу ысым аземге катышуу үчүн борбор шаар Вангтондо...

Трамптын ант берүү аземине Түркиядан тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу катышууда. Дональд Трамп Республикачыл партиясынын лидеринин урматына кечээ берген түшкү тамакта сүйлөгөн сөзүндө жаңы мезгилде жаңы кабинет менен өлкөнүн бардык маселелерин чечишерин айтты.

Тамакта жогорку мартабалуу ысымдар менен жолугуша турган тышкы иштер министри Чавушоглу да АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси кызматына  келген генерал Майкл Флинн менен бир канча убакыт жекеме – жеке сүйлөштү.

Ант берүү менен АКШ президенттигин Барак Обамадан өткөрүп ала турган Трапмтын Түркия – Америка карым – катнаштарына жана Жакынкы Чыгыш преспективасына байланыштуу таштай турган кадамдары кызыгуу менен күтүлүүдө.

Түркиянын жана түрк улутунун күтүүлөрүн ачык түрдө билдирген Мевлют Чавушоглу жаңы мезгилде баш тартылгыс союздаштык карым – катнаштарына кайрадан форма берилүүсү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар