Түркия менен Орусия биринчи жолу биргелешкен операция жүргүздү

Орус аба күчтөрүнө таандык аскердик учактарынын Ел Бабдын түштүгүндөгү ДЕАШ буталарына абадан кол салгандыгы билдирилди

654727
Түркия менен Орусия биринчи жолу биргелешкен операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү Орусия менен Сирияда террордук уюм ДЕАШ элементтерине карата биринчи  биргелешкен аба операциясын жүргүзгөндүгүн ырастады.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта орус жетекчилер менен түзүлгөн координациянын натыйжасында Орус аба күчтөрүнө таандык аскердик учактарынын Ел Бабдын түштүгүндөгү ДЕАШ буталарына абадан кол салгандыгын билдирди.

Ошол эле учурда Түркиянын Ел Баб кыймылына жетерлик колдоо бербөө менен сынга алган эл аралык коалиция узун убакыттан кийин биринчи жолу кыймылга өттү.

Эки англис  аскердик учагы Ел Баб жакындарындагы Бзагах аймагына абадан операция жүргүздү. Англис учактарына бута координаттары түрк жетекчилери тарабынна берилди. Америка армиясына таандык куралдуу учкучсуз аба унаалары да ДЕАШка таандык 4 бутаны атты.



Тектеш кабарлар